Студенттер жоокерлердин бир күндүк турмушу менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер жоокерлердин бир күндүк турмушу менен таанышты

Image

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгү мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү, STEM, Теология, Финансы-юридикалык  колледждеринен 240 студент катышты.

Анда студенттер жоокерлердин күнүмдүк турмушу,  аскердик күжүрмөн техникалары, аскер куралдары менен жеринде таанышкан. Ошондой эле  аскер бөлүгү тарабынан эстафета уюштурулуп, ОшМУдан барган студенттер байгелүү орунга жетишти.

Ачык эшик күнүнө медицина факультетинин экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучусу, запастагы  подполковник Жуманазар Самидинов жетектеп барды.

Фото галерея