ОшМУда XIX кылымдагы Кокон хандыгынын көрүнүктүү мамлекеттик жана аскердик ишмери Алымкул аталыктын 195 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулуп, ага Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн тарыхчы-окумуштуулары, коомдук ишмерлер, Алымкул аталыктын урпактары, окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышты.
Конференция 20-ноябрда «Алымкул аталык: тарыхый мурас жана Борбордук Азиянын мамлекеттүүлүгү» деген темада өттү. Анда Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов, Алымкул аталыктын бешинчи муундагы урпагы Махамадибрагим Ишматов, Өзбекстандагы Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун окуу иштери боюнча проректору, профессор Тулкин Худайкулов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чараны Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова алып барды.
Пленардык жыйында ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун Чыгыш кол жазмалар фондунун жетекчиси, профессор Байболот Абытов «Алымкул ляшкер башынын кайрадан калыбына келтирилген тарыхый-саясий бейнеси» деген темада баяндама жасады. Профессор Кыяс Молдокасымов Алымкул аталыктын тарыхый мурасынын коомдун маданий эс тутумундагы орду тууралуу сөз кылды. Мындан тышкары Зиёвутдин Илхамов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы Тыныстан Арзыбаев жана башка окумуштуулар өз изилдөөлөрүн сунушташты. Пленардык жыйынды ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков алып барды. Жыйындын алкагында президенттин атынан Алымкул аталыктын урпактарына сый көрсөтүлдү.
Күндүн экинчи бөлүгүндө конференция беш секция боюнча уланды. Анда Алымкул аталыктын өмүрү, мамлекеттик ишмердиги, тарыхый мурасы, Кокон хандыгындагы кыргыз элитасы жана мамлекеттүүлүк маселелери талкууланды. Ошондой эле XIX кылымдагы Түркстандын дипломатиялык жана соода-экономикалык байланыштары, Борбордук Азиянын тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, сактоо, аймактын тарыхын изилдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамалар жасалды. Илимий талкууларга Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелеринин өкүлдөрү, белгилүү тарыхчы-окумуштуулар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, Алымкул аталыктын урпактары, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар, студенттер катышты.
Иш-чаранын алкагында XIX кылымга таандык тарыхый буюм-тайымдардын, кийим-кечелердин көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөдө тарыхый мурастарды изилдөөнүн жаңы багыттары, архивдик документтердин илимий мааниси көрсөтүлдү. Ошондой эле Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган конференциянын катышуучулары ОшМУнун билим берүү жана илимий-изилдөө багытындагы иштери, санарип университет долбоору, материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышты.
Конференциянын соңунда секция жетекчилеринин отчеттору угулуп, илимий талкуулардын жыйынтыгы чыгарылды. Материалдардын негизинде катышуучулардын баяндамаларын камтыган атайын илимий жыйнак чыгарылары белгиленди. Эл аралык илимий конференция Алымкул аталыктын тарыхый мурасын жаңы архивдик жана илимий булактардын негизинде изилдөөгө, Борбордук Азия элдеринин орток тарыхын таанууга, өлкөлөр ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөөгө багытталды.
Иш-чара Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Ош мамлекеттик университети жана Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту тарабынан биргелешип уюштурулду.