Батыш Чех университетинен келген студенттердин саны жыл санап өсүүдө

Башкы Жаңылыктар

Батыш Чех университетинен келген студенттердин саны жыл санап өсүүдө

Image

Бүгүн, 23-ноябрь күнү  ректор К.Кожобеков ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетине Батыш Чех  университетинен келип,  билим алып, кетип жаткан студенттер менен жолукту. Анда окуу жай жетекчиси студенттерге атайын сертификаттарды тапшырып, мындан кийинки окууларына ийгиликтерди каалады. 
ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда 2017-жылы билим жана илим тармагындагы байланыштар түзүлүп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган. 
Эки университеттин кызматташтыгынын алкагында Эл аралык мамилелер факультети студенттик академиялык мобилдүүлүк программасын ийгиликтүү ишке ашырууда. Буга байланыштуу 2017-жылдан бери  Батыш Чех университетинен  63 студент Эл аралык мамилелер факультетине келип окуп кетишкен. 
Ал эми жыл сайын Чехиядан Эл аралык мамилелер факультетине күзгү семестрге, ал эми биздин студенттер жазгы семестрге Батыш Чех университетине барышат.  Эл аралык мамилелер факультетинин 12 студентти ушул окуу жылынын жазгы семестрине Чехияга академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окууга барат.

Фото галерея