Укук коргоо кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча атайын сабак өтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Укук коргоо кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча атайын сабак өтүлдү

Image

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун кызматкерлери үчүн атайын сабак өтүлдү. 

Анда мамлекеттик тилди кызматтык чөйрөдө колдонуу, иш кагаздарын кыргыз тилинде туура жүргүзүү, кызматтык ишмердикте тил нормаларын сактоо боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу, типтүү нускама жана кызматтык иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Катышуучуларга документтерди туура даярдоо, толтуруу боюнча практикалык маалыматтар сунушталды.

Атайын сабакты окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова өттү. Ал кызматтык чөйрөдө мамлекеттик тилди так, сабаттуу колдонуунун маанисине токтолду. Иш-чаранын соңунда кызматкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, иш кагаздарын жүргүзүү, кесиптик ишмердикте кыргыз тилин колдонуу боюнча кошумча маалымат алышты.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана кызматкерлердин тилдик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Фото галерея