Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ОшМУнун студенттери менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ОшМУнун студенттери менен жолугушту

Image

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов 25-февралда Ош мамлекеттик университетинде болду.

Өкүл университеттин медицина, эл аралык медицина факультеттеринде, медициналык клиникасында болуп, кадимки жана аралыктан билим алууга түзүлгөн шарттар, окуу лабораториялар менен таанышты.

Ошондой эле окуу жайдын башкы имаратында  санариптештирүү багытында жасалган инновациялык иш-аракеттер, “Электрондук университет” долбоору, электрондук документ жʏргʏзʏʏчʏ  Edoc  программасы,  электрондук табель жүргүзүү иштери, IT академиянын жаш программисттеринин ойлоп табуучулары, окутуучулардын илимий изилдөөлөрдөгү жаңылыктары, ОшМУнун Enactus командасынын жетишкен ийгиликтери, курулуш иштери жүрүп  жаткан жана курула турган имараттарынын долбоорлору менен таанышты.

Ошондой эле Жарасул Абдураимов студенттер менен жолугуп, ишмердүүлүгү, алдыга койгон максаттары боюнча ой бөлүшүп, Ош облусунун аймагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жарасул Абдураимов 2020-жылдын 19-октябрында  Өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына  дайындалган.

Фото галерея