Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда

Image

Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили жѳнүндѳгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына арналып Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган II республикалык  «Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу фестиваль өттү. Мындай фестивалды жыл сайын уюштуруу демилгеси Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби өткөн окуу жылында тарабынан түзүлгөн.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты Салтанат Абдылдаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алмагул Телекманова,  жогорку окуу жайлардын ректорлору, мамлекеттик тил боюнча проректорлору, окутуучулар, студенттер катышты.

Фестивалда өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттерден куралган  8 команда катышып, кыргыз  ырларын чеберчилик  менен аткарышып,  улуттук бийлерин бийлешти.

Жыйынтыгында ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин студенттеринен куралган "Мурас" командасы гран-прини багындырышып,  диплом, 100 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 1-орунга 50000 сом, 2-орунга  30000 сом, 3-орунга 20 000 сом акчалай сыйлык, фестивалга катышкан калган командаларга 10000 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Сыйлыктарга ОшМУнун партнеру WCI компаниясы демөөрчү болушту.

«Кыргыз ырлары чет ѳлкѳлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу эл аралык фестивалдын өтмө кубогун ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков           К. Карасаев атындагы  Бишкек мамлекеттик университетине тапшырды.

Иш-чара  мамлекеттик тилди жайылтуу, улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурулган.

Фото галерея