ОшМУнун окумуштуусу билим берүү профсоюздарынын эл аралык конгрессине катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуусу билим берүү профсоюздарынын эл аралык конгрессине катышып жатат

Image

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш таануу кафедрасынын доценти Жолдошбек Бөтөнөев Түркия билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу жана Евразия билим берүү профсоюздарынын эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп жаткан Түрк дүйнөсүнүн педагогикалык жана социалдык (коомдук) илимдер боюнча IV Эл аралык конгрессинде катышып жатат.

Эл аралык конгрессте "Кыргызстандагы билим берүү: күңгөйү жана тескейи", "Кыргызстандагы басмачылык кыймыл жана кулакка тартуу саясаты: жаңыча көз караш (XX кылымдын 20-30-жылдары)" деген аталыштагы  эки баяндама жасайт.

Түркиянын Анталия шаарында 25-ноябрда башталган конгресс 3 күнгө созулат.