Студенттик "Нур" гезитинин 30 жылдык мааракеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Студенттик "Нур" гезитинин 30 жылдык мааракеси белгиленди

Image

ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинин 30 жылдык мааркесине карата атайын иш-чара уюштурулду. Анда гезиттин буга чейинки редакторлору чакырылып, сый көрсөтүлдү. Ошондой эле, шаардагы ОшМУ менен тыгыз кызматташткан ММКларга университеттин Ыраазычылык барачалары тапшырылды.
Окуу жайдын Кесиптик бирлик комитетинин демөөрчүлүгү менен студенттик “Нур” гезитинин 30 жылдык мааркесине карата студенттер арасында ОшМУну даңктаган макалалар сынагы жана “Кыялкеч студент” аттуу ыр, эссе сынактары жарыяланган. 
Ошондой эле, гезиттин 30 жылдык тарыхын камтыган 12 беттен турган атайын мааракелик саны жарыкка чыкты.
Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделип, 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналып, 8 бет, 3550 тиражда түстүү чыгарылып, студенттерге акысыз таратылат.
Студенттик гезиттин негизги максаты - университеттеги жаңылыктар, маданий иш-чаралар, студенттерге керектүү маалыматтар, калемгер студенттердин чыгармалары, окутуучулардын юбилейлери жөнүндө макалалар тынымсыз жарыяланып келет.
Учурда “Нур” гезити журналистикага кызыккан зирек, калеми курч студенттердин журналистикага болгон башаты болуп бере алат жана чыгармачылыгын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Чыгармачыл, таланттуу, аракетчил жана  ийгиликтүү студенттер жөнүндө “Иштерман студент”, “Ийгиликтүү студент”, Таланттуу студент” сыяктуу атайын  рубрикалар  орун алган.

Фото галерея