ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү

Image

Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар ОшМУнун алдыңкы тажрыйба борборундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып, борбордун келечегин, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.

Иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, Ош шаары жана облусунан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр, кесиптик лицейлердин директорлору, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Индустриалдык-педагогикалык колледжи Ош шаарындагы “Бархат” жоопкерчилиги чектелген коому, “Сымбат” акционердик коому,  “Максат” тигүү цехи, “Подиум” стиль жана сулуулук мода борбору, ASIA BREND STROI курулуш компаниясы, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы филиалы, “ЭлКат” компаниясынын Ош шаарындагы филиалы,  “ФИНКА БАНК” жабык акционердик коому, “АК-НИЕТ” гипермаркети сыяктуу мекеме-ишканалардын жетекчилери  менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

2018-жылы Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Долбоорго ылайык коледждин базасында алдыңкы тажрыйба борбору түзүлүп, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда керектүү окутуу жана техникалык өндүрүштүк жабдуулар менен камсыздалган. 

Колледждин алдында атайын өндүрүштүк борбор ачылып, жакын арада ишке кирет.

Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи үчүн жаңы окуу имараты 2020-жылдын 9-сентябрында пайдаланууга берилген. Имарат окуу жайдын ички каражатына курулган.

 

Фото галерея