Университеттин жамааты майыптыгы бар балдардан кабар алды

Башкы Жаңылыктар

Университеттин жамааты майыптыгы бар балдардан кабар алды

Image

3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, жаштар кеңеши, акыйкатчы аппаратындагы студенттер менен биргеликте  Ош шаарындагы “Кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна” барышты.
Борбордо тарбияланган балдардын ыр-бийлерине күбө болушуп, сүрөт тартуу боюнча конкурсунун эмгектери менен таанышышты.  Ар бир балага өздөрү менен ала барган таттууларды, белектерди, окуу куралдарын беришип, борбордун жетекчисине 20 000 сомдук сертификат тапшырды. 
Ош шаарындагы кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору 25 жыл мурда түзүлгөн. Андан бери өлкөнүн түштүгүндөгү кыймыл-таяныч тутумунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылап келет. Борборго Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы дарт менен жабыркаган балдар кайрылышат.

Фото галерея