Практика жана теориянын айкалышы

Башкы Жаңылыктар

Практика жана теориянын айкалышы

Image

Кечээ 1-декабрда Бизнес жана менеджмент факультетинин ишкана экономикасы жана башкаруу кафедрасында “Практика жана теориянын айкалышы”  аталышындагы тегерек стол өттү.

Иш-чарага Бизнес жана менеджмент факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, жеке ишкерлер, студенттер катышты. Анда азыркы ишкер жаштардын мүмкүнчүлүктөрү, максаттары, пландары талкууланды.

Ошондой эле, ишкана экономикасы жана башкаруу кафедрасындагы окуу пландын структурасы боюнча маалымат берилип, экономика багытынын “Ишкана экономикасы жана башкаруу" профилинин окуу планы талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Иш-чаранын өткөрүүнүн максаты окууну бүткөн студентти мыкты кадр болуп калыптанышына шарт түзүү, жумуш берүүчүлөрдүн талабына жооп берген адистерди даярдоо болуп саналат.

Фото галерея