Пауэрлифтинг боюнча эл аралык турнирде ОшМУнун студенти чемпион болду

Башкы Жаңылыктар

Пауэрлифтинг боюнча эл аралык турнирде ОшМУнун студенти чемпион болду

Image

ОшМУнун студенти Умиджон Умаралиев Бишкек шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча эл аралык турнирде  67 кг. салмакта дүйнө чемпиону болду.
Учурда Умиджон Умаралиев университеттин Искусство факультетинде көркөм өнөр искусствосу адистигинде билим алат. Ал спорттун пауэрлифтинг түрү менен бир жарым жылдан бери машыгат. Умиджон шаардык деңгээлдеги түрдүү мелдештерге катышып келет.
Пауэрлифтинг боюнча эл аралык турнир ушул жылдын 25-26-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Мында спортчулар World Cup Asian Part чемпиондугу үчүн күч сынашты. Мелдешке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Грузиядан келген спортчулар катышты.

Фото галерея