«Биз биргебиз» аттуу балдарды колдоо акциясы өттү

Башкы Жаңылыктар

«Биз биргебиз» аттуу балдарды колдоо акциясы өттү

Image

 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата ОшМУнун бардык факультет, колледждеринин жаштар комитетинин структурасы студенттер менен биргеликте Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн мектеп-интернатына, балдар үйүнө, “Кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна” барышты.

Алар «Биз биргебиз» аттуу балдарды колдоо акциясынан топтолгон каражаттарга шириндиктерди, белектерди алып барышып, ыр-бийлерди тартуулап келишти. Бул тууралуу окуу жайдын  студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова маалымат берип, мындай иш-аракеттер студенттер арасында боорукердик сезимин ойготуп, достук  менен биримдикте, кайрымдуу болууга тарбиялай тургандыгын билдирди.

Фото галерея