Окутуучулар студенттердин курстук иштерин стартаптарды каржылоого жеткире алса, 500 долларга чейин сыйлык берилиши керек, - Акылбек Жапаров

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар студенттердин курстук иштерин стартаптарды каржылоого жеткире алса, 500 долларга чейин сыйлык берилиши керек, - Акылбек Жапаров

Image

Министрлер кабинетине караштуу Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Акылбек Жапаров Министрлер кабинети сандык жана сапаттык параметрлерге чыгуу менен экономиканын туруктуу өсүү темпине жетүүсүнө жардам бере турган реалдуу долбоорлор сунушталса, илимди колдоого жана каржылоону тийиштүү деңгээлге жеткирүүгө даяр экенин айтты.

«Бардык министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде өкмөткө караштуу ишканалардын бюджетинин 1%ы келерки жылы илимге жана инновацияга багытталат. Илимдер академиясы бул механизмди иштеп чыгып, бизге сунушташы керек. Чет элдик компаниялардын бири 3 студент жана 1 доцент менен ишин баштаган. Алар уюлдук телефон чыгара тургандыгын билдиришкенде баары жылмайып, тим болушкан. Азыр ал резина өтүктөрдөн баштап космостук спутниктерге чейин өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Илимдер академиясынын президентинен, ЖОЖдордун ректорлорунан мен ушундай аракеттерди күтөм.

Биз стартаптар университеттерде түзүлүшүн каалайбыз. Окутуучулар студенттердин курстук иштерин биз стартаптарды каржылай баштоочу деңгээлге жеткире алса, аларга 500 АКШ долларына чейин сыйлык берилиши керек. Ал эми долбоор коммерциялык банктар тарабынан каржыланса, анда сыйлыктын көлөмүн көбөйтүп, же бул компаниядагы үлүшүн караштыруу керек. Бизде Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, курулуш материалдарына жарактуу 180 млрд куб таш бар, бирок биз аларды пайдаланбай жатабыз. Сууну жашыл энергия катары гана эмес, суутек өндүрүү катары карап, кандайдыр бир себептерден улам аны сата албай калса, аммиакка же жер семирткичке айландыруу керек. Илимдер академиясынын алдында бизди минералдык органикалык жер семирткичтер менен камсыз кылуу жана JICA′нын «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун алкагында иш алып баруу милдети турат», - деди ал.

Акылбек Жапаров илимий багыттар боюнча мамлекеттик заказды бекитүү зарылдыгын белгиледи.

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин отурумунда кеңештин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды, ошондой эле ата мекендик саламаттыкты сактоо тармагын жана медицина илимин реформалоо боюнча сунуштар талкууланды.

Министрлер Ккабинетинин башчысы белгилегендей, келерки жылы өлкөнүн аймактарында 20 оорукананын курулушун баштоо пландаштырылууда. Ал Саламаттык сактоо министрлигине ведомствону реформалоо боюнча концепциянын долбоорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, тармактык мамлекеттик илимий мекемелердин жетекчилери, ошондой эле жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:486830//?f=cp