Урматтуу телевидение жана радио кызматкерлери!

Башкы Жаңылыктар

Урматтуу телевидение жана радио кызматкерлери!

Image

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргызстанда телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен жеке өзүмдүн жана ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан куттуктайм.

Технологиялык жаңылануулар маалында маалымат алмашуунун тездик менен өнүгүп жатышы мамлекет ичиндеги баардык өзгөрүүлөргө таасир берет. Жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди бийлик органдарына жеткирүүдө өзгөчө орунду ээлеп жатканы баарыбызга белгилүү. Сиздердин   өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий турмушун чагылдырууга кошкон салымыңыздар чоң. 

Биздин Ош мамлекеттик университетинин “Үмүт” телестудиясы Кыргызстанда тележурналисттердин жана телевидение кызматкерелеринин башталгыч мектеби катары таанымал.

 “Үмүт” телестудиясын учурда заманбап видео жана аудио техникалар менен камсыздап, бул жерден студенттердин билим алуусуна, телерадио тармагында тажрыйба топтоосуна шарт түздүк.  Окуу жайдын журналистика кафедрасында билим алган студенттер тележурналистикадагы алгачкы көндүмдөрүн ушул жерден өздөштүрүп, такшалууда. Бул да болсо ОшМУнун тележурналисттерди даярдоого кошуп келе жаткан чоң салымы.

Бир учурда ОшМУнун босогосун аттап, алгачкы журналисттик тажрыйбасын ушул жерден такшалткан студенттер азыр сиздердин араңыздарда ийгиликтерди жаратып жатканы бизди кубандырат.

Урматтуу телевидение кызматкерлери!

Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга, жалпы теле жана радионун ишин камсыздап, обого чыккан жана анын артында иш жүргүзгөн жамаатка чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачыл ийгиликтерди каалайм. Телекөрүүчүлөрдүн жана радио угармандардын сүймөнчүгү болуп жүрө бериңиздер.

Биз сиздерден миллиондогон адамдарды бириктирип жана алардын потенциалын жана энергиясын жаратмандыкка жана жакшылыкка багыттоого жөндөмдүү, зор күчтү көрүп турабыз. Кыргызстанга анын өнүгүү жолундагы кыйын кезеңде көмөк көрсөтүү керек. Биз биримдикте бирдиктүү, күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды курууга тийишпиз.  

Сиздердин кесиптик майрам күнүңүздөрдө жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалагым келет.
 

Урматтоо менен                                        ОшМУнун ректору, профессор                                                                                Кудайберди Кожобеков

Фото галерея