ОшМУнун ректору «Илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары» аттуу конференцияга катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору «Илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары» аттуу конференцияга катышып жатат

Image

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары, илимий-техникалык кызматташтык: тенденциялар жана өнүгүү перспективалары» аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.  
 Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулууда.

   
Илимий-практикалык конференцияны Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин ачып берди.
Конференциянын алкагында 2 тематикалык сессия каралган: «Евразия экономикалык биримдигиндеги илимий-техникалык кызматташтыктын негизги багыттары жана артыкчылыктары» жана «Билим берүүдөгү өз ара аракеттенүүнүн тармактык формалары: Евразиялык тармактык университет».
Сессияда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “ОшМУнун Евразия мейкиндигиндеги ЖОЖдор менен кызматташтыгы: абалы, көйгөйлөрү жана келечеги” деген темада баяндама жасады.

Конференцияга илимий, билим берүү жана эксперттик-аналитикалык чөйрөлөрдүн, коомдук уюмдардын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышууда.  Жыйынтыгында катышуучулар ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун андан ары өнүктүрүүгө жана кесипкөй кадрларды даярдоого багытталган билим берүү чөйрөсүндө ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгышат.