Улуттук адабият күнү колледждерде белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Улуттук адабият күнү колледждерде белгиленди

Image

Улуттук адабият күнүнө карата  ОшМУнун эл аралык билим берүү программалары, финансы-юридикалык, медициналык   колледждеринде салтанаттуу иш-чаралар өттү.

         

Эл аралык билим берүү программалары колледжинде сүрөт көргөзмөсү коюлду. Анда студенттер адабияттын эки алпы Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы тууралуу  видеобаян жасашып, сахналык көрүнүштөрдү кыргыз, орус, англис тилдеринде тартуулашты.

Ал эми финансы-юридикалык колледжинде жана медициналык колледжде адабият күнүнө карата көргөзмө уюштурулуп,  эссе жазуу сынагы өткөрүлдү.

       

“Адабият менен жан дүйнөбүз байып, руханий жактан азык алабыз. Биздин окуу жайда миңдеген чыгармачыл студенттерибиз бар. Алар билим гана албастан, ыр, аңгеме жазып, сахналык көрүнүштөрдү аткарууга да шыктуу. Бүгүн биздин циклдын окутуучулары даярдаган иш-чараларга катышкандан сырткары студенттердин курамынан түзүлгөн “Кел-кел” адабий клубунун  “Адабият жана поэзия- жан дүйнөнүн азыгы ” аттуу кечесине катышып, “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы этнопедагогика ” деген темада баяндама жасадым”,-деди кыргыз тили жана адабияты, манас таануу предметтик циклдык комиссиянын төрайымы Бактыгүл Байтикова.

        

Кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан Улуттук адабият күнү 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 12-декабрь – Адабият күнү деп белгиленген.