Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучулары АнМУда конок лекция окушту

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин окутуучулары АнМУда конок лекция окушту

Image

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция бөлүмүнүн башчысы Нуркасым Аркабаев баштаган  окутуучулардан жана студенттерден турган делегация 13-декабрда Андижан мамлекеттик университетинде болушту.

     

Иш сапардын алкагында делегация  АнМУнун окуу иштери боюнча проректору Рустамжон Муллажонов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ильесбек Хасанов,  Санариптик технологиялар жана компьютердик инженерия факультетинин деканы Асилбек Медатов баштаган окуу жайдын жамааты менен жолугуп, кызматташуу багытында пикир алышты.

Андан сырткары  университеттин Экономика, Физика-математика жана Санариптик технологиялар жана компьютердик инженерия факультеттеринде болуп, студенттерге конок лекция окушту. Окуу жайдын жатаканалары жана окуу имараттары менен таанышып, студенттер менен баарлашышты.

Фото галерея