ОшМУ GREENKG долбоорунун жыйынтыктоочу эл аралык конференциясына катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ GREENKG долбоорунун жыйынтыктоочу эл аралык конференциясына катышты

Image

Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан GREENKG (Green and Digital Universities for Sustainable Development of Kyrgyzstan) долбоорунун жыйынтыктоочу эл аралык конференциясы 2–3-июнь күндөрү болуп өттү. «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санарип университеттер» аталышындагы иш-чара Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында уюштурулду.

Конференцияга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргызстандагы Erasmus+ Улуттук кеңсесинин өкүлдөрү, долбоордун өнөктөш жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана адистери, ошондой эле Германия жана Литва өлкөлөрүнүн университеттеринен келген өкүлдөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун өкүлдөрү билим берүү процессин санариптештирүү, университетти башкарууда заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана «жашыл университет» концепциясын ишке ашыруу боюнча баяндамаларды жасашты.

Конференциянын биринчи күнүндө ОшМУда билим берүү ишмердүүлүгүнө жана башкаруу системасына санариптик технологияларды киргизүү боюнча жетишилген жыйынтыктар тааныштырылды. Ошондой эле университеттин экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүдөгү тажрыйбасы жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, туруктуу билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Экинчи күнү ОшМУнун өкүлдөрү GREENKG долбоорунун иш пакеттеринин бирин ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчет беришти. Анда долбоордун натыйжаларын жайылтуу, өнөктөш университеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана жетишилген ийгиликтердин туруктуулугун камсыз кылуу маселелери камтылды.

Конференциянын алкагында катышуучулар GREENKG долбоорунун негизги жетишкендиктерин, жашыл жана санарип университеттерди өнүктүрүү жолдорун, инновациялык билим берүү технологияларын жана туруктуу өнүгүү принциптерин Кыргызстандын жогорку билим берүү системасына интеграциялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өнөктөш жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүү жана долбоордун узак мөөнөттүү натыйжалуулугун камсыз кылуу перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, GREENKG долбоору Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда экологиялык жоопкерчиликти күчөтүүгө, санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган.

 

Фото галерея