Өлкөдөгү ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Өлкөдөгү ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу талкууланды

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 12-13-декабрда кредиттик технологиялар жана  кышкы кабыл алуу боюнча талкуу өттү. Жыйынга өлкөдөгү өзгөчө макамы бар 5 университеттин өкүлдөрү, ОшМУнун  пландоо-финансылык бөлүмүнүн начальниги Пусур Тегин Замир, окуу бөлүмүнүн начальниги Ибрагим Атабаев катышты.

   

Январь айындагы кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү жобо, группаларды түзүү, жазгы кабыл алуунун каржылык маселелерин чечүү, мугалимдердин акысы, сааттардын жүктөмүн эсептөө маселелерин талкуулашты.

   
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн кышкы кабыл алуу боюнча  абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу чыккан.
Ага ылайык, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.