Балтика мамлекеттик техникалык университети менен биргелешкен билим берүү программасы ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

Балтика мамлекеттик техникалык университети менен биргелешкен билим берүү программасы ишке ашат

Image

«ВОЕНМЕХ» Д. Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинин орусиялык билим берүү консорциумдарынын долбоорлорун башкаруу борборунун директору Олег Киреев ОшМУда иш сапары менен болду.

Окуу жайда эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев,  Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинин деканы Рахат Сагындыкова, Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Алтынбек Кудуев, бизнес информатикасы жана экономикадагы математика кафедрасынын башчысы Турдумат Бекешов баштаган окутуучулар жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда инженердик программалык камсыздоо, бизнес-информатика жана лингвистика багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен билим берүү программасы ишке ашса студенттер 2 жыл ОшМУда жана 2 жыл Балтика мамлекеттик техникалык университетинде билим алышат.

Мамлекеттик бюджеттик орундарга студенттер “Россотрудничество” уюму аркылуу кабыл алынат. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин студенттер эки университеттин дипломуна ээ болушат.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 12-октябрда “ВОЕНМЕХ” атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон.

 

 

Фото галерея