Go Viral фестивалы ОшМУда өтөт

Башкы Жаңылыктар

Go Viral фестивалы ОшМУда өтөт

Image

ОшМУга келген  Go Viral долбоорунун Кыргызстандагы өкүлү Назик Мамасадыкова эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУ менен Борбордук Азиядагы Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPRдын) өнөктөштүгүн талкуулады.  

“2022-жылы Go Viral командасы бүткүл Борбордук Азияда коомчулукту курууда олуттуу натыйжаларга жетишти. 10-11-июнда Бишкек шаарында  “Креативдик экономика: санариптик жана прикладдык” деген темада фестиваль өткөрдүк. Анда 1600 катышуучу, 79 баяндамачы жана 17 өнөктөш катышты”,-деди Назик Мамасадыкова.

Тараптар 2023-жылдын 28-29-апрелине белгиленген Go Viral фестивалын ОшМУда өткөрүүнү макулдашышты. Иш-чарага Борбордук Азиянын негизги шаарларындагы медиа, бизнес, маданият жана технологияга кызыккан коомдук пикири бар лидерлер, таасирдүү адамдар, активдүү жаштар жана жарандар, адистер, эксперттер катышат.

 

Фото галерея