Аялдар кеңеши: "Пайдалуу аракет вектору" программасы уланууда

Башкы Жаңылыктар

Аялдар кеңеши: "Пайдалуу аракет вектору" программасы уланууда

Image

ОшМУнун студенттик жатаканаларында "Пайдалуу аракет вектору"  программасынын алкагындагы "Студент кыздардын өздүк гигиенасы" аталышындагы жолугушуу өттү.

 Жолугушууда Ош шаарындагы Адам репродуциясы борборунун башкы дарыгери, гинеколог-эндокринолог Айканыш Кадырбекова өздүк гигиена, бүгүнкү кыз-эртеңки эне, ден соолукка туура кам көрүү темаларында маалымат берип, кыздардын суроолоруна жооп берди.

 “Бул иш-чара “Пайдалуу аракет вектору” программасынын алкагында өттү. Программанын алкагында жыл бою окуу жайдын бардык факультет, колледждеринде, жатаканаларында түшүндүү иштери алып барылат. Биз ден соолук, тарбия жаатында гана эмес кыздарыбызга керек, пайдалуу болгон, турмушка тарбиялай турган бардык маалыматтарды  жеткиргенге аракет кылабыз. Жакынкы күндөрдө психологдор менен да жолугушуулар уланат”, - деди Аялдар кеңешинин төрайымы Гульнара Сейитказыева.