ОшМУнун 4 студенти Президенттик стипендияга ээ болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 4 студенти Президенттик стипендияга ээ болду

Image

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 16-декабрда  2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты деп табылган 70 студентине Президенттик “Үмүт” стипендиясын тапшырды.

  

Стипендия алгандардын арасында Ош мамлекеттик университетинин төрт студенти бар.

Алар Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенти Жыргалбек уулу Амантур, Педагогика жана психология факультетинин студенти Акылай Тилебалдыева, Дүйнөлүк тилдер жана маданияты  факультетинин  студенттери Акбермет Орунбаева жана  Асел Сагындыкова.

  

Жеңүүчүлөр  ОшМУнун студенттери арасында 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен Президенттик стипендияга талапкерлерди аныктоо боюнча университеттик тандоо турунун жыйынтыгы менен тандалып алынган. Жеңүүчү студенттердин окуудагы, илимдери, спорттогу жана коомдук, социалдык иштердеги мыкты жетишкендиктери каралган.

Студенттердин ар бири 60 миң сомдон стипендияга ээ болушту.