“Самарканд-2020” III Эл аралык олимпиадасында ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

“Самарканд-2020” III Эл аралык олимпиадасында ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Image

Самарканд мамлекеттик медициналык институтунун демилгеси менен медицина факультетинин студенттеринин “Самарканд-2020” III Эл аралык олимпиадасы өттү.

Аталган эл аралык олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасынын башчысы Суйнали Шатманов баштаган делегациянын курамында аталган кафедранын доценти Абсамат Саттаров, улук окутуучу Гулай Джолдошева, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти Жыпаргул Жээнтаева, №2 ички оорулар кафедрасынын окутуучусу Фатима Исмаилова жана 11 студент катышты.

Самарканд шаарында өткөрүлгөн медициналык ЖОЖдор аралык  студенттик олимпиадада студенттер медицина багыты боюнча 35 предметтен билимин сынашты. ОшМУнун медицина факультетинин атынан катышкан студенттердин арасынан Курманбек уулу Эмир 1-орунду, Мирсултан Ракыпов 2-орунду, Маматибраим уулу Эрмек, Токтосун кызы Нуриза, Айбек уулу Бекислам, Эркин кызы Айтолкун 3-орунду ээлешти. Ал эми команданын видеоролиги да жалпы командалалар арасында 1-орунду багындырды.

Эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен студенттерибизди жана аларды даярдап алып барган окутуучуларды жалпы жамааттын атынан куттуктайбыз!