Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен байланыш чыңдалат

Башкы Жаңылыктар

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети менен байланыш чыңдалат

Image

М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы Радик Юлбаев ОшМУга иш сапары менен келди. Ал ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков,  эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев кабыл алуусунда болду.
Тараптар БМПУнун ректору, профессор Салават Сагитовдун алдыдагы сапарын талкуулашты. Сапар  2022-жылдын 22 декабрына пландаштырылган. Ошондой эле, Радик Юлбаев ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү БМПУнун магистратура бөлүмүнүн  бюджеттик орундарына тапшыры алыша тургандыгын  белгиледи.
Мындан сырткары Р.Юлбаев университеттин окутуучулары жана студенттери менен да жолугушуп, өзүнүн университети тууралуу презентация жасады. Ал студенттерге БМПУга академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууну, ал эми окутуучуларга конференцияларга, форумдарга катышууга чакырды.

Фото галерея