Студент кыздардын өздүк гигиенасы

Башкы Жаңылыктар

Студент кыздардын өздүк гигиенасы

Image

Финансы-юридикалык колледжинин 1—курсунда билим алган студент кыздарга тарбия берүү багытында “Студент кыздардын өздүк гигиенасы жана тамеки тартуу, ичимдиктерди колдонуу кыздардын ден–соолугуна тийгизген терс таасирлери” аталышында жолугушуу болуп өттү.  Иш-чараны колледждин  Аялдар кеңешинин төрайымы  Акибат Шарип кызы "Пайдалуу аракет вектору"  программасынын алкагында уюштурду.

Иш-чарага конок катары Ош шаарындагы Адам репродуциясы борборунун башкы дарыгери, гинеколог-эндокринолог Айканыш Кадырбекова келди. Ал  өздүк гигиена, бүгүнкү кыз-эртеңки эне, ден соолукка туура кам көрүү темаларында маалымат берип, кыздардын суроолоруна жооп берди.

Буга чейин мындай иш-чара студенттик жатаканаларда өткөрүлгөн. Ошондой эле жыл бою окуу жайдын бардык факультет, колледждеринде, жатаканаларында түшүндүү иштери алып барылат.