Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору ОшМУда

Image

М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов баштаган делегация ОшМУга иш сапары менен келди. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки окуу жайдын буга чейинки кызматташтыктары, алдыдагы пландары боюнча пикир алышты.

 Окуу жайдын жыйындар залында структура жетекчилери менен биргеликте  уюштурулган жолугушууда тараптар университеттердин учурдагы жетишкендиктери, стратегиялык пландары боюнча пикир алышты. Ошондой эле пандемия учурунда солгундай түшкөн байланыштарды жандантып, жаңы багыттар боюнча кызматташууну талкуулашты. Мындан ары окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттери, магистранттары  академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташууну күчөтөт. Биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык долбоорлорго катышуу, конференция, конок лекцияларды уюштуруу иштерин да алып барат. Сүйлөшүүлөрдө белгилүү болгондой ОшМУда бакалаврды бүткөн студенттер бюджеттик негизде  Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинен магистратура боюнча билим ала алышат.

Иш сапардын алкагында коноктор ОшМУнун факультеттери, колледждери, клиникалары менен таанышат.

М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде 6 институт, 4 факультет жана бир колледж бар. Окуу жай 14 өлкөнүн, 54 жогорку окуу жайы менен кызматташат.