Жаңы жыл – жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын, жаңы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин мезгили

Башкы Жаңылыктар

Жаңы жыл – жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын, жаңы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин мезгили

Image

Кымбаттуу студент достор, магистранттар, урматтуу кесиптештер, илимпоз агай-эжекелер, улуу устаттар жана жалпы кызматкерлер!

Кирип келе жаткан 2023-жаңы жылыңыздар мененчын дилимден куттуктайм!

Биз өткөн жылдагы жетишкендиктерибизге, ийгиликтерге маңдай жарыла кубанып, жасаган изги иштерге ыраазы болуп турган чагыбыз! Узап бара жаткан жыл окуу жайыбыз жана жалпы билим берүү үчүн тарыхый кадамдардын жылы болду. Ош мамлекеттик университети менен бирге 4 окуу жайга “Өзгөчө статус” берилип, мамлекет жана коомчулук тарабынан чоң ишеним жүктөлдү. Ошол ишенимди актоо үчүн жалпы жаамат ынтымак менен иш алып барып, алдыбызга коюлган милдеттердин өтөсүнө чыгуу үчүн бар күчүбүздү жумшообуз керек. 2022-жыл биз үчүн жемиштүү жыл болуп, илим изилдөө багытындагы семинар, конференцияларды, эл аралык карым-катнашты өнүктүрүү жаатындагы алакаларды, чыгармачылык, маданий, спорттук сынак, фестивалдарды ж.б. иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп, башка өнөктүктөргө дажигердүү катыштык.  Эл аралык билим берүү мейкиндигине кирүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасадык. 

Жаңы жыл – жаңы үмүттөрдүн, жаңы максаттардын, жаңы ийгиликтердин жана жетишкендиктердин мезгили. Жаңы жылдын кандай болушу ар бирибизге байланыштуу. Биз ынтымактуу жамаат менен мыкты адат-салттарыбызды, жаратып жаткан ийгиликтерибизди татыктуу улантабыз деп ишенем. 

Урматтуу кесиптештер жана жаш достор! Бардыгыңыздарга жаңы жылда ден соолук, бакубат жашоо калайм. Ак эмгектин үзүрүн көрүп, окуу жайыбыздын өнүп-өсүшүнө баарыбыз салымыбызды кошо берели. Үй-бүлө, ага-тууган, бала-чакаңыздар менен бактылуулукта күн кечириңиздер! Жаңы бакыт, жаңы ийгиликтер коштосун! 

Жаңы жылыңыздар менен!

Сиздерди урматтоо менен ​ОшМУнун ректору, ​профессор Кудайберди Кожобеков