Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү

Башкы Жаңылыктар

Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү

Image

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасы менен   «Келечек» жаштар платформасынын алкагында, “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” коомдук фонду тренингдердин сериясын баштады. Тренинг “Жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгү жана туруктуулугу - Санарип Инсан” аталышында Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо боюнча Европа Биримдигинин каржылоосунда ОшМУнун Санариптик көндүмдөр борборунда өтүп жатат.

  

Тренинг 2 күнгө пландалып, Ош облусунун айыл аймактарында жашаган аялдар, жаштар  катышууда. Катышуучулар тренингде  санариптик көндүмдөрдү, Instagram, Tik Tok, Facebook, Google My Business сыяктуу социалдык тармактарын жана  Whatsapp, Telegram мессенджерлерин колдонууну  ошондой эле Google картаны жана 2GIS платформаларын пайдаланууну үйрөнүшөт.

  

Окутуулар “Санарип Инсан” долбоорунун республиканын аймактарында жашаган аялдар жана жаштарга санариптик жана жашыл экономика боюнча билимдерин жогорулатуу максатында уюштурулду.