Медицина факультетинин студенттери волонтердук практикага чыгышты

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин студенттери волонтердук практикага чыгышты

Image

ОшМУнун медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин 1-курсунун студенттери январь айында волонтердук практикада болушту. Бул практика факультеттин ички оорулар 2 кафедрасынын окутуучулары тарабынан социалдык, экологиялык, маданият, медициналык, донордук, патриоттук, спорттук, медиа багыттарында уюштурулду. “Волонтердук практиканы  адистин  социалдык  ролун ѳнүктүрүү аркылуу кесиптик чѳйрѳгѳ киргизүү, студенттердин жалпы маданий жана кесиптик  компетенцияларын калыптандыруу, ошондой эле профессионалдык инсандар аралык коммуникация  кѳнүмдөрүн ѳнүктүрүү, муктаж адамдарга  жана калктын аярлуу катмарына жардам кѳрсѳтүү максатында өткөрдүк”, -деди  ички оорулар 2 кафедрасынын башчысы Алтынай Садыкова.

Окуу-волонтердук  практиканы өткѳрүү жараянында “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине, Ош обустук кан борбору,  Медицина факультетинин китепкасы, Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы, Ош шаардык спорт комитети, Ош   Тазалык ишканасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, “Метр” продюссердик студиясы, Кызыл жарым ай коому, ОшМУнун журналистика факультети менен мындан ары кызматташуу багыттарында келишим түзүлдү. Бир жума аралыгында студенттер аталган мекемелерде болушса, айрымдары окуу жайга келип, ишмердүүлүктөрү, кызматташуулар тууралуу семинар уюштуруп беришти.

       

Окуу  волонтердук  практикасынын  негизинде  студенттер коом менен мамиле түзүүнү, адептик, маданий жана тарыхий баалуулуктарды сактоону үйрөнүштү деп белгилешет уюштуруучулар.