Элчи Марван Алекс Айаш ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Элчи Марван Алекс Айаш ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту

Image

Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Марван Алекс Айаш жумуш сапарынын алкагында окуу жайда болуп, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташуу алакалары, ОшМУдагы пакистандык студенттерге түзүлгөн шарттар, алдыда биргеликте ишке ашыра турган маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Элчи Марван Алекс Айаш Орто Азия боюнча пакистандык студенттердин басымдуу бөлүгү Кыргызстанда окуп жактандыгын канаттануу менен белгиледи. Алдыда дагы студенттердин Кыргызстанда билим алуусуна мамлекеттик деңгээлде көнүл бурулушуна көмөктөшөрүн кошумчалады.
Иш сапарынын алкагында элчи мырза ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде болуп, андагы пакистандык студенттер менен жолугуп, баарлашты. Ошондой эле, студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар, техникалык материалдык база, медициналык клиника менен таанышты. Ага ОшМУдагы шарттар купулуна толгондугун айтып, окуу жай жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Фото галерея