“Сергек жашоо жана ден соолук жылына” арналган мелдеш өттү

Башкы Жаңылыктар

“Сергек жашоо жана ден соолук жылына” арналган мелдеш өттү

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде «Дени сак улут, дени сак жашоо» аттуу спорттук мелдеш өттү.

Жогорку мектептин профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөн спорттук мелдеш окуу жайда жарыяланган “Сергек жашоо жана ден соолук жылына” карата уюштурулган. 

Мелдешке жогорку мектептин 3 бөлүмүнүн Россия жана Евразия интеграциялоо бөлүмүнүн “Эверест” командасы, Европа-америкалык интеграция бөлүмүнүн “Универсал ” командасы жана Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Береке ” командалары катышып, эстафеталык спорттук оюндарда күч сынашты.  

Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген “Универсал” командасы 4000 сом, 2-орунду ээлеген “Эверест” командасы 2000 сом, 3-орунду ээлеген “Береке” командасы 1500 миң сом акчалай сыйлык, сертификат менен сыйланышты. Мыкты күйөрмандарга да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фото галерея