Чет өлкөлүк студенттер үчүн визалык, миграциялык таркатма маалыматтар берилди

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттер үчүн визалык, миграциялык таркатма маалыматтар берилди

Image

ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү учурда кураторлорду визалык, миграциялык маалыматтар менен тааныштыруу жана аларга көрсөтмө материалды таркатуу максатында жолугушууларды уюштура баштады.

Алгачкы жыйын Медицина, Табият таануу, туризм жана айыл чарба технологиялары, Теология факультеттеринин жана Медициналык колледждин кураторлору үчүн өткөрүлдү.

Жыйында  чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан маалыматтар берилип, кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган эскертме баракчалар таркатылды.

 Чет өлкөлүк студенттер үчүн бөлүм тарабынан уюштурулуучу интеллектуалдык, маданий-массалык жана спорттук иш-чаралардын планы талкууланды. Жыйын суроо-жооптор менен коштолду.

Жыйындын соңунда бөлүм кызматкерлери кураторлордон берилген маалыматтарды жана нускамаларды чет өлкөлүк студентерге өз убагында жеткирүүнү өтүнүштү. Мындай жолугушуулар университеттин бардык факультет, колледждери үчүн уюштурулат.

ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү буга чейин чет өлкөлүк студенттер үчүн окуу жайдын факультет, колледждеринде  “Виза. Мыйзамсыз миграция. Жүрүм-турум эрежелери. Этикалык нормалар. Диний экстремизмге каршы туруу” аттуу маалымат жыйындарын өткөргөн.