Аралыктан иштөө – эффективдүү киреше булагы 

Башкы Жаңылыктар

Аралыктан иштөө – эффективдүү киреше булагы 

Image

Учурда дүйнөдө эң өнүгүп келе жаткан IT тармагында аралыктан иштөө менен , эффективдүү киреше булагына ээ болууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай маалымат бүгүн, 25-январда Математика жана информациялык технологиялар факультетинде өткөн  IT адистер менен болгон жолгушууда айтылды. 
Жолугушууга факультеттин сыймыктуу бүтүрүүлөрү, бүгүнкү күндө аралыктан Чехиянын  Прага шаарында Slotegrator компаниясында  эмгектенген  Мелис Жолдошев,  Орусиянын Москва шаарында беделдүү IT компанияларда иштеген Шайырбек Бактыбек уулу, Дониербек Валижанов, Бектурсун Кадыркулов жана Ош шаарындагы Biruni IT академиясынын жетекчиси, Google компаниясынын  түштүктөгү өкүлү Санжарбек Аданов, окуу жайда IT багыты боюнча билим алган студенттер, окутуучулар  катышты.
Иш-чарада коноктор  студенттерге IT тармагынын артыкчылыктары, аралыктан иштөө аркылуу каражат табуу жолдору, программалоо тилдери, дизайн, сайт түзүү боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин айтышты. 
Жолугушуу аралаш форматта уюштурулуп, кесипкөй адистерди даярдоо, студенттердин тажрыйбасын артырууну көздөйт.