DVV International Кыргызстандагы өкүлчүлүгү CurriculumGlobAle программасын окутуу жана ишке ашыруу процессин баштады

Башкы Жаңылыктар

DVV International Кыргызстандагы өкүлчүлүгү CurriculumGlobAle программасын окутуу жана ишке ашыруу процессин баштады

Image

2023-жылы ОшМУда CurriculumGlobAle (CG) программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер башталат, тандалып алынган катышуучулар акысыз тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

  • Билим берүү тармагындагы эң активдүү катышуучулар CG ​​программасына конкурстук негизде тандалып алынат;

  • Тренингдерге, семинарларга активдүү катышкан катышуучулар  CG ​​программасынын 6 модулдан турган этаптуу окутууларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

  • Программаны ишке ашыруу катышуучулардын билим деңгээлинин, көндүмдөрүнүн жана жеке сапаттарынын өзгөрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз чагылдыруусу менен коштолот, бул иш аракет тартылган эксперттер жана DVV- international эл аралык эксперттеринин көзөмөлдөөсү жана сунуштары менен коштолот.

КАТЫШУУНУ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН  ТАЛАПТАР

Сынакка окууга каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар,  CurriculumGlobALE ​​программасын ишке ашырууга кызыкдар билим берүү системасында эмгектенген бардык каалоочулар катыша алат. Тандоо берилген резюменин, иш берүүчүнүн сунушу жана маектешүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Талапкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Бакалавр даражасынан төмөн эмес жогорку билимге ээ болуу;

  • ОшМУда практикалык тренер же окутуучу болуу;

  • Тренерликти алып жүргөндөр же мугалим катары тажрыйбасы барлар;

  • Уюмдун жетекчилигинин колдоосун алуу;

  • Орус тилинде эркин сүйлөй билүү;

  • Тренинг жана башка CG иш-чараларынын учурунда Бишкек шаарына жана башка региондорго барууга мүмкүнчүлүгү барлар.

Талапкерлерге кошумча упайлар берилет:

  • кыргыз тилинде сүйлөө;

  • англисче же немис тилинде сүйлөө.

DVV International долбоорунун алкагында программанын катышуучуларын тандоо конкурсуна катышуу үчүн резюмеңизди жана коштомо катыңызды 2023-жылдын 17-февралынан кечиктирбестен жөнөтүүнү суранабыз.

Резюмени коштомо кат менен төмөнкү даректерге жөнөтүңүз:

makebaeva@dvv-international.kg

tjoroev@gmail.com

nmapaeva77@gmail.com

 

Анкета толтуруу үчүн форма:

https://forms.gle/oGy2Zd3Sf4ZbaBey6

Жумуш берүүчүнүн сунушунун жазылуу формасы

https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/21674642819PRILOZhENIE_1_(2).docx