ОшМУда билим алгандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк!

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда билим алгандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк!

Image

Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду жана Ош мамлекеттик университинин Жаштар Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасына катышуу үчүн өтүнмө (заявка) формасы.

Бул сурамжылоону толтуруу аркылуу сиз "Жергиликтүү өнүгүү" долбоорунун жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын окуу иш-чарасына катышуу үчүн өтүнмө таштаган болосуз. Окутуу  6-февралдан 10-февралга чейин 5 күнгө созулуп,  саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарында ОшМУнун Жаштар Бизнес Паркында болуп өтөт. Окутуунун аягында (11-февраль) бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп табылган 2 бизнес идеяларга долбоор тарабынан $2,000 доллар суммасында колдоо көрсөтүлөт.

Инновациялык бизнес-идеяңызды, так жана түшүнүктүү кылып жазыңыз. Эмне үчүн сиз ушул тренингге катышышыңыз керек? Так жазып, далилдеп бериңиз.

Программага катышуу 100% акысыз, ошондой эле долбоор тарабынан таркатуучу материалдар жана тамак-ашка байланыштуу бардык чыгымдар каралган.

Суроолор боюнча 0772750705 (Эрлан Камалов), 0550 085 530 (Айтмамат) номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.

 

Өтүнмөнүн формасы