Чет өлкөлүк студенттерге стипендия менен окуу акысынан жеңилдиктер берилет.

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттерге стипендия менен окуу акысынан жеңилдиктер берилет.

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде мындан ары аз камсыз болгон мыкты 3 студентке окуу акысынан 50% жеңилдетүү  жана 5 мыкты студентке 200 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берилет. Мындай маалымат 26-январь күнү ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде өткөн Индия Республикасынын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада айтылды. Майрамдык иш-чарага студенттер, окутуучулар жана факультеттин деканы Роман Калматов катышып, индиялык студенттерди куттуктады. Ал өз сөзүндө  «Соңку жылдарда билим берүү, саясий, маданий чөйрөлөрүндө кыргыз-индия мамилелери стратегиялык деңгээлге чыкты. Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өз ара кызматташуу бекемделип, жаңы жумуштартарды ишке ашыруу үчүн чоң мумкунчулуктөргө жетиштик. ОшМУ ар бир улутка эшигин ачкан куттуу окуу жай. Биз студенттерге мыкты билим берүүгө, адистикке даярдоого бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөбүз. Индиялык студенттерди Индия Республикасынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын” деп билдирди. 
Ошондой эле, мындан ары факультетте 3 жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу акысынан 50 пайыздык жеңилдөтүү, 5 эң мыкты (GPA баллы аркылуу) окуган студенттерге 200 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берилерин кошумчалады. Бул жеңилдетүүлөр, стипендия  WIC компаниясы менен сүйлошүүлөрдө чечилген жана аталган компания каржылайт.

Фото галерея