ОшМУнун футзалчылары Суперлигада ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун футзалчылары Суперлигада ийгилик жаратты

Image

Кичи футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Суперлига чемпионатында ОшМунун кичи футбол командасы буфердик баскычка өттү. Тандап алуу  оюндарында окуу жайдын командасы 29-январда “Кызыл-Кыя” командасын 4:3 эсебинде жеңип, оюндун кийинки баскычына чыкты.

КРдин кичи футбол боюнча ассоциациясынын чечими менен быйылкы чемпионат жаңы формат боюнча баштапкы, буфердик жана финалдык болуп үч баскычта өткөрүлүүдө. Баштапкы этапта командалар эки зонага — «А» (Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас) жана «Б» (Ош, Баткен, Жалал-Абад) бөлүнүп ойноду.

Андан ары эки зонадан 8 команда 1 тур менен ойной турган буфердик баскычка чыгат. Ал эми буфердик этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты төрт команда финалдык баскычка (плей-офф) чыгат.

ОшМУнун кичи футбол командасынын курамында 20 оюнчу ойнойт.

Жетекчиси: Сулайман Сабиров

машыктыруучу: Бекболот Акматалиев,

капитаны : Окилбек Эркабоев

Оюнчулардын курамы:

Бектурсун Акунов

Келечек Касымов

Элизар Халилов

Алымбек Исламов

Акжолтой Равшан уулу

Максатбек Шералиев

Уланбек Мухтарали уулу

Али Уркунбаев

Эрнис Мамазаир уулу

Сагынбек Жыргалбай уулу

Заирбек Мадаминов

Муслимбек Карабаев

Уланбек Нурланбек уулу

Нарынбек Мырзабек уулу

Азамат Сыдыков

Бетурсун Жумабаев

Сыймык Ражапов