Imperial English компаниясы менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

Imperial English компаниясы менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Image

Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан таанылган Imperial English компаниясынын директору Говинд Десаи мырза ОшМУда болуп, окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев менен жолугушту.

Жолугушууга Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов жана аталган факультеттин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Райкан Ысмаилова да катышты. Анда Говинд Десаи мырза   Imperial English компаниясынын  курстары тажрыйбалуу практиктер тарабынан иштелип чыккандыгын жана эл аралык стандарттарга жооп берерин белгиледи. Бул программада студенттерди окутуу бир топ жеңил болорун, дегээлдер боюнча 7 китеби жана атайын англис тилин үйрөтүүчү санариптик колдонмолор бар экендигин кошумчалады. Курсту окуган студенттерге бул деңлээлдер боюнча китептер жана  колдонмолор берилерин, ушул эле студенттерге билим берген окутуучулар акысыз окуулардан өтөөрүн айтты. Курстун аягында сертификаттар берилет, каалоочулар үчүн Улуу Британияга тил билүү деңгээлин жогорулатуучу 2 жумалык, 1 айлык турлар да уюштурулат.

Imperial English компаниясы менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Эми меморандумдун алкагында эки тараптан тиешелүү адистер иш алып барышат. Говинд Десаи мырза иш сапарынын алкагында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы,  IELTS тренерлери менен кызматташуунун багыттары боюнча жолугушууларды өткөрдү.

Фото галерея