ОшМУнун жамааты “Чыйырчык” жайлоосунда эс алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жамааты “Чыйырчык” жайлоосунда эс алды

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректораты жана кесиптик бирлиги 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жана 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери үчүн “Чыйырчык” жайлоосуна эс алуу уюштурду.

ОшМУнун 150дөн ашуун кызматкерлери катышкан “Чыйырчык” жайлоосундагы муз тебүү эс алуусун демилгелеп уюштурган окуу жайдын кесиптик бирлиги эс алуучуларга ысык тамак уюштуруп берди.

Бул саамалык жыл сайын өткөрүлүп, жамаат ичинде патриоттук духту, ынтымакты, биримдикти чыңдоого өбөлгө түзүп, чоң позитив жаратып келет.