ОшМУнун магистранты эл аралык марафондо биринчи болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун магистранты эл аралык марафондо биринчи болду

Image

Дене тарбия факультетинин магистранты Гүлшаной Сатарова 12-мартта Ташкент шаарында өткөн спорттун  жеңил атлетика түрү боюнча эл аралык марафонго катышып, 1-орунду багындырды. Марафон 2024-жылы Парижда өтө турган олимпиада оюндарына тандап алуу турунун алкагында өткөрүлдү. 
Ага 34 өлкөдөн спортучулар катышып, 42 чакырым аралыкка чуркашты.  Кыргызстандан  барган спортчулар 2 алтын 1 күмүш медалга ээ болду.
Магистрант Гүлшаной Сатарова  спорттун жеңил атлетика түрү менен 20 жылдан бери машыгат.  Ал айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу. Ошондой эле Азиянын эки жолку чемпиону, Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Азия оюндарынын жана Иранда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Андан сырткары Малайзияда өткөн жеңил атлетика турниринде 800 жана 1500 метрге чуркоодо 2 алтын медаль уткан.
Гүлшаной Сатарова  Кыргызстандын олимпиадага даярданып жактан 15 спортчунун катарында. Жакынкы күндөрү Түштүк Кореяда өтө турган жеңил атлетика боюнча эл аралык марафонуна барууга камданып жатат.

Фото галерея