Eduroam wi-fi ОшМУда иштеп баштайт

Башкы Жаңылыктар

Eduroam wi-fi ОшМУда иштеп баштайт

Image

ОшМУ GEANT европалык илим-изилдөө жана билим берүү тармагына кошулду. Мында ОшМУ биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана интеграцияланган билим берүү программаларын түзүү үчүн кызматташууга, илимий ресурстарга аралыктан виртуалдык кирүүгө, эл аралык видеоконференцияларды  пайдаланууга, Eduroam түйүндөрүндө эл аралык  Wi-Fi роуминг кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк алды.
Ошондой эле GEANT технологиялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу дүйнөдөгү алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин окуу жайларынын заманбап ресурстарын пайдаланууга  жол ачылды. Тактап айтканда генетикалык маалыматтарды декоддоо, климаттын өзгөрүшүн     моделдөө, эпидемиялардын жайылышын божомолдоо жана башка жумуштарын аткарууга болот.
Eduroam wi-fi кызматын колдонуу үчүн университеттен логин, пароль аласыз жана еduroam wi-fiга уланасыз. Ошол логин, пароль менен окуу жайдын бардык корпустарында акысыз интернет колдонууга болот. Сиз уюмуңуздун кампусун айланып өтүп жатасызбы же башка уюмда, коңушу өлкөлөрдө же чет өлкөдө жашасаңыз да eduroam эл аралык долбоорунун Wi-Fi кайсы жерде иштебесин, сиз интернетке үзгүлтүксүз аутентификация менен акысыз туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Eduroam (билим берүү роуминги) – GÉANT европалык тармак консорциуму тарабынан иштелип чыккан илимий жана билим берүү коомчулугу үчүн глобалдык Wi-Fi роуминг кызматы. 
Учурда окуу жайдын корпустарына, жатаканаларына Wifi-eduroam орнотуу иштери жүрүүдө. Жакынкы күндөрү кызматкерлер, студенттер кызматты толугу менен колдонушат.