ТашМУда  кыргыз тили, адабияты жана маданияты борбору ачылат

Башкы Жаңылыктар

ТашМУда  кыргыз тили, адабияты жана маданияты борбору ачылат

Image

Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде кыргыз тили, адабияты жана маданияты борборун,  ал эми ОшМУда өзбек тили, адабияты жана маданияты борборун ачуу пландалууда.  Бул иш аракет Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири белгилөө боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашат.
Буга байланыштуу видеоконференция болуп, ага Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин эл аралык кызматташуу боюнча проректору Нозлия Нормуродова, ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы  Нурмамат Турганбаев жана өзбек тили жана адабияты мугалими Акибатхон Исманова катышты.
Тараптар бир тууган элдердин кызматташтыгын өнүктүрүүдө  борборлорду ачуу  чоң роль ойной турганын жана анын маанилүүлүгүн белгилешти. Жакынкы аралыкта борборлорду ачуу  боюнча келишимдин долбоору иштелип чыгып, ачылуу аземи ушул жылы пландалууда.

Фото галерея