Чет өлкөлүк студенттерге аймактык кызматкерлер алдын алуу иштерин жүргүздү

Башкы Жаңылыктар

Чет өлкөлүк студенттерге аймактык кызматкерлер алдын алуу иштерин жүргүздү

Image

Эл аралык медицина факультетинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту. Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын “Сулайман-Тоо” милиция бөлүмүнүн №2 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору Акылбек Маматеминов баштаган аймактык кызматкерлер жана медицина факультеттеринин айланасында жайгашкан жатаканаларда жашаган индиялык жана өзбекстандык студенттер катышты.

Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чет өлкөлүк студенттердин укуктарын ар качан коргоого даяр экендиктерин эскертип, шылуундарга соцтармактар аркылуу алданып калбоого, баалуу буюмдарын жана акча каражаттарын бекем сактоого, түнкүсүн өздөрү менен кошо алып жүрбөөгө, кечинде сыртка чыкпоого чакырды. Кокустан жергиликтүү тургундар же жогорку курстар тарабынан коркутуу-үркүтүүлөр, опузалоолор жана акча талап кылуулар жүз бере турган болсо, сөзсүз түрдө милиция кызматкерлерине билдирүүнү өтүндү жана байланыш номерлерди калтырды. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремизмдик, террористтик уюмдарга кошулбоого, аларга кирүүгө үгүтөбөөгө чакырды.   

Ошондой эле укук коргоо органдары чет өлкөлүктөргө карата каралган жаза чаралары боюнча маалымат беришип, административдик кылмыш жасагандарга 2 жолу эскертүү, 3-жолкусунда өлкөдөн чыгаруу колдонула тургандыгын кошумчалашып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган мындай профилактикалык жыйын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү, милиция кызматкерлеринин катышуусунда факультеттерде 5-ирет өткөрүлдү.

Фото галерея