Университет тоо экосистемасын сактап калууга кызыктар

Башкы Жаңылыктар

Университет тоо экосистемасын сактап калууга кызыктар

Image

 ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат жана окуу жайдын Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин, Эл аралык Өзгөн медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкү жүргөн жердеги жайытты калыбына келтирүү иш-чарасына катышты.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басаары Данияр Жаныкулов, Республикадагы Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева баштаган Аялдар кеңештеринин жамааты, Өзгөн райондук админстрациясы жана Жалпак-Таш айылынын тургундары, “Ага-Хан ” фондунун өкүлдөрү да катышты.

Бул аймакта Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин окутуучулары жана студенттери жер көчкү жүргөн жердеги жайытты калыбына келтирүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп,  көрктөндүрүү максатында жайытка 7000 түп көчөттөрдү отургузушту. Ректор Кудайберди Кожобеков Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө ОшМУнун ички илимий гранддарды колдоо программасы боюнча  алынган заманбап  шаймандар менен толукталган  мини тракторду тапшырды. Трактор көчкү жүргөн аймакта жүрө алат. Бул техниканын жардамы менен токой отургузуу иштери жүргүзүлөт. 

“Биз 2018-жылдан баштап ушул жерде токой тигүү, көчкү жүргөн жерди калыбына келтирүү иш чарасын өткөрүунү улантып келебиз. Учурда кооптуу аймактарда көчкүнүн алдын-алуу иштерин илимий долбоор катары иштеп чыгып сунуштаганбыз. Жалпак-Таш айыл өкмөтү, ОшМУ, Өзгөн токой чарбасы, Түштүк токой коомдук бирикмеси болуп төрт тараптын ортосунда меморандум түзгөнбүз. "Курбу-Таш токой" долбоорун колдоого алып көп функционалдуу шаймандар комплекти менен мини трактор сатып алып берген ОшМУнун жетекчилигине жана токойлуу бактын аянтын кеңейтүүгө 7000 миң түп көчөт сатып берген Ага Хан фондуна ыраазычылык билдиребиз. Бул техниканын жардамы менен токой отургузуу иштерин алып барабыз. Жакында Ага Хан фондунун долбооруна катышып, дарыядан суу тартуу үчүн гранд утуп алдык. Бул биринчиден экономикалык-социалдык жактан элге пайда болсо, экинчиден  эстетикалык, табигый-экосистемада да өзүнүн функциясын аткарат”-деди ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, Түштүк токой коомдук фондунун төрагасы Абдыжапар Аккулов. 

Кыргызстанда 2022-жылы “Тоо экосистемаларын коргоо  жана климаттык туруктуулук жылы” деп кабыл алынып, анын алкагында  “Жашыл мурас” улуттук иш-чарасы  5 жылга узартылган.

Фото галерея