Омск мамлекеттик медициналык университети менен келишимге кол коюлат

Башкы Жаңылыктар

Омск мамлекеттик медициналык университети менен келишимге кол коюлат

Image

Омск мамлекеттик медициналык университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда видеоконференция уюштурулду.  Омск мамлекеттик медициналык университетинен окуу иштери боюнча проректор Е.Б. Павлинова жана дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү боюнча проректор А. С. Колчин, ал эми ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору А. О. Абдувалиев, окуу бөлүмүнүн башчысы И.Н. Атабаев, окуу жайдын Медицина, Эл аралык медицина факультетинин декандары, Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун, Медициналык клиниканын директорлору, тиешелүү окутуучулар катышты.

Тараптар студенттер, ординаторлор окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, кош дипломдуу билим берүү программалары, студенттерди практикадан өткөрүү, конок лекцияларын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында дарылоо иши, стоматология жана фармация адистиктери боюнча кош дипломдуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

17-19- апрель күндөрү Омск облусунун губернатору баштаган делегация Ош облусуна атайын иш сапары менен келишет. Аталган иш чарада эки окуу жайдын ортосундагы келишимге  кол коюу пландаштырылууда.

 

 

Фото галерея