Медицина факультетинин студенттери эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин студенттери эл аралык олимпиадада ийгилик жаратты

Image

Медицина факультетинин студенттери эл аралык «МЕДИЦИНА ЖАНА ИННОВАЦИЯ» олимпиадасына катышты. Олимпиада 2023-жылдын 7-8-апрелинде Ташкент шаарындагы Ташкент мамлекеттик стоматологиялык институтунда өттү.

ОшМУнун командасын медицина илимдеринин доктору, профессор Сүйүналы Шатманов, доценттер Зейнеп Исраилова Таалай Сейитбеков, Флора Рысматова жана Гулсара Касиева жетектеп барган. Акушердик жана гинекология багыттары боюнча 4-курстун студенти Айпери Нурбек кызы жана  6-курсунун студенти Айтилла Абдирошут кызы 1-орунду ээледи. Студенттер 16 катышуучунун арасында хирургия боюнча мыкты теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү көрсөтүшкөн.

Ал эми “Ички оорулар” багыты боюнча  2-курсунун студенти  Дастан Дамирбеков 2-орунду, 5-курсунун студенти Гаухар Досматова 3-орунду багындырды. Ошондой эле микробиология боюнча олимпиадага активдүү катышкан 2-курстун студенти Абдиманнапова Гулизага сертификат тапшырылды.

ОшМУнун командасы  18 ЖОЖдун арасынан Кыргызстандын тарыхы, баалуулуктары, ырым-жырымдары, кооздугу, ОшМУнун медицина факультеттери, мүмкүнчүлүктөрү, шарттарын чагылдырылган кыска видео ролик көрсөтүп, ардактуу 3-орунга ээ болушту.

Студенттерди жетектеп барган окутуучулар  Ташкенттин медициналык университеттеринде параллелдүү өткөрүлгөн конференцияларга катышып, баяндамаларды жасашты. Ошондой эле студенттер үчүн конок лекцияларды өтүштү.

Олимпиадага жалпысынан 18 медициналык университеттин студенттери, анын ичинде Казакстан, Россия жана Карапалкакстандан келген студенттер катышты.

Фото галерея