Медицина факультетинин студенттери эл аралык олимпиадага катышууда

Башкы Жаңылыктар

Медицина факультетинин студенттери эл аралык олимпиадага катышууда

Image

Сеченов атындагы Москва мамлекеттик медициналык университетинде  академик М.И.Перельман атындагы студенттердин хирургиялык XXXI эл аралык олимпиадасынын  финалдык мелдештери өттүүдө. Финалдык баскычка Кыргызстандан жалгыз ОшМУнун медицина факультетинин 14 студенттен турган командасы  катышууда.

Студенттерди олимпиадага медицина факультетиндеги “Хирургия” ийриминин жетекчиси, окутуучу  Бектур Эркинали уулу жана окутуучу Акылбек Шакиров жетектеп барган.

Олимпиаданын жүрүшүндө ОшМУнун командасы лапароскопиялык аппаратын жардамында өтө сейрек жасалчу операциялардын бири болгон кызыл өңгөчтүн грыжасына операция жасашты.

Бул жылы өтүп жаткан олимпиаданын эрежелери  хирургиялык адистикке коюлган талаптарга ылайык өзгөргөн. Ага ылайык,   хирургиянын дээрлик бардык секциялары – абдоминалдык, жүрөк-кан тамыр, пластикалык, ичеги-карын, көкүрөк, ошондой эле оперативдүү төрөт, реконструктивдүү урология, анестезиология жана реанимация боюнча сынактар кийрилген.  

Олимпиада 15-апрелге чейин уланат.

Фото галерея