ОшМУда Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Image

ОшМУда КР эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары болду.
Иш-чарага ОшМУнун жалпы жамааты, коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктады. 
“Өзгөчө биз Сиздин Ош мамлекеттик университетинин “Эмгек сиңирген ишмери” наамы, тɵш белгисинин ээси экендигиңизди белгилеп, дайыма сыймыктанып келебиз. Биздин окуу жайга келип, поэзияга ышкыбоз жаштарыбызга дайыма дем берип, акыл-насаатыңызды айтып келе жаткандыгыңызга ыраазычылык билдирем”,-деди. 
Кечеде "Дүбүрт" студенттик театры сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулады. "Жигер" чыгармачылык борборунун мүчөлөрү акындын ырларын  көркөм окушту. Акындын белгилүү обондуу ырлары жаңырды. 
Акын Тазагүл Закированын Ата Мекен тууралуу жазылган 100 гө жакын обондуу ырлары эл арасында ырдалып, Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган.  Ош шаары тууралуу жазылган “Ош вальсы”, “Мекеним Кыргызстан”, “Оштон таптым”, “Сулайман тоо”, “Ошум сен, эңсеп келчү ыйык шаарым”, “Кусалык” сыяктуу ырлары эл оозунда ырдалып келет.

 

Фото галерея